Бишкекте бүгүн, 11-августта, коомдук транспорт катышкан жол кырсыгы катталды. Окуя саат 09:00 чамасында Фучик көчөсүндө болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, №153 автобус Фучик көчөсү менен түндүктөн түштүккө бара жаткан. Жөө өтмөктөн батыштан чыгышты көздөй өтүп жаткан эки өспүрүмдү сүзүп кеткен.
Жабыркаган өспүрүмдөр тез жардам унаасы менен Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Милициянын маалыматына караганда, алардын оор жаракат алганы аныкталган эмес. Дарыгерлер көгөрүү жана жумшак ткандардын жабыркашын катташкан.
Учурда кырсыктын себептери жана бардык жагдайлары такталууда.