«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасында дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Текшерүүдө 2024–2026-жылдары саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыгы эске алынбастан сатып алуулар жүргүзүлгөнү аныкталган.
Анын кесепетинен жалпы баасы 74,1 млн сомдук дары-дармектин 60 түрүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.
Мындан тышкары, медициналык мекемелердин билдирмеси жок эле 63,8 млн сомдон ашык медициналык буюм сатылып алынган. Учурда продукциянын бир бөлүгү кампаларда пайдаланылбай турат.
Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 137 млн 950 миң сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 339-беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.