27 жылдан кийинки чындык: Айдаралиевдер Президенттен жардам сурады

/ Коом / 3105

«Кыңыр иш кырк жылда билинет» дейт кыргыз эли. Бирок адамдын тагдыры талкаланган жерде адилеттүүлүктү 27 жыл күтүүгө туура келбеши керек.

1998-жылы Айдаралиевдердин үй-бүлөсүнүн жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн окуя болгон. Үй-бүлөнүн айтымында, ошол кездеги Бишкек шаардык ИИБдин кызматкерлери С. Тишков жана К. Ашырбаев кызматтык абалынан пайдаланып, алардын уулу Айдаралиев Алмамбетке оор кылмышка атайылап байланыштырып, жасалма материалдардын негизинде жоопкерчиликке тарткан.

Үй-бүлө бул иш башынан эле мыйзамсыз мүнөздө болгонун айтып келет. Алардын билдирүүсүндө, уулун кармоо жана тергөө иштеринин жүрүшүндө ортомчулар аркылуу ири суммадагы акча талап кылынган. Кылмыш ишин жабуу үчүн акча берүү сунушталган, бирок үй-бүлө буга макул болгон эмес. Натыйжада иш тез арада сотко өткөрүлүп, уулуна оор айып коюлган.

Айдаралиевдер үчүн эң негизги суроолордун бири, бүгүнкү күнгө чейин жоопсуз, ал 4,5 кг деп көрсөтүлгөн баңгизат кайдан келген жана анын чыныгы жеткирүүчүсү ким болгон?  Үй-бүлө уулунун мындай көлөмдөгү затты өз алдынча таап же сатып алуу мүмкүнчүлүгү болбогонун айтып, тергөөдө буюртма берүүчү, уюштуруучу жана жеткирүү каналы толук аныкталбаганын белгилейт.

Иштин жасалма экенин далилдеген жагдайлар

Арадан жылдар өткөн соң иштин материалдарында олуттуу карама-каршылыктар ачыла баштаган. Тинтүүгө катышкан делген жалгыз күбө О. Диденко өз көрсөтмөсүндө тинтүүгө катышпаганын жана протоколго кол койбогонун билдирген. Бул жагдай 1998-жылдагы процессуалдык документтердин чындыгына олуттуу суроо жараткан. Мындан тышкары, үй-бүлөнүн айтымында, иш Жогорку сотто каралууга даярдалып жаткан учурда кылмыш ишинин айрым материалдары жоголуп кеткен. Күбөлөрдүн протоколдору жана көрсөтмөлөрү да бурмаланган болушу мүмкүн деген жагдайлар көтөрүлгөн. Айдаралиевдердин айтымында, алар бул фактылар боюнча ондогон жылдар бою ар кандай мамлекеттик органдарга кайрылып, иштин объективдүү иликтенишин талап кылып келишкен. Бирок, көп жылдар бою алардын талаптары толук чечилбей келген.

27 жылдан кийинки жаңы бурулуш

2026-жылы бул иш боюнча маанилүү кадам жасалган. С. Тишковго карата «Кызматтык жасалмачылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2026-жылдын август айында Бишкек шаардык соту ага карата көрүлгөн процессуалдык чаралардын мыйзамдуулугун тастыктаган чечим чыгарган. Айдаралиевдер үчүн бул 27 жылдан берки күрөштөгү олуттуу бурулуш эле. Анткени, үй-бүлө көп жылдан бери айтып келген мыйзам бузуулар эми жөн гана алардын жеке билдирүүсү эмес, укуктук баа берүүнүн предметине айлана баштады.

Бирок, үй-бүлө бул жерде токтоп калууну көздөбөйт. Алардын талабы 1998-жылдагы иштин бардык жагдайларын толук жана көз карандысыз иликтөө. Анын ичинде уулун тузакка түшүрүү фактысы, акча талап кылуу боюнча маалыматтар, кылмыш ишинин материалдарын жасалмалоо, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн бурмалоо жана соттук документтердин жоголушу сыяктуу жагдайларга укуктук баа берүү. Ошондой эле үй-бүлө мурда ИИМ системасында иштеген кызматкерлерге байланыштуу болгон бул ишти ошол эле ведомствонун ичинде гана тергөөдө кызыкчылыктардын кагылышы жаралышы мүмкүн деп эсептеп, ишти УКМКга же Аскер прокуратурасына өткөрүп берүүнү өтүнүүдө. Ошондуктан…

Президентке кайрылуу

Жабырлануучу Алмамбет Айдаралиевдин атасы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, ардагер Болотбек Айдаралиев  уулунун ушул ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдон өзүн жеке кабыл алып, колдорундагы материалдар менен таанышып, иштин мыйзам чегинде жана калыс каралышын жеке көзөмөлгө алууну суранууда.

Үй-бүлө үчүн бул жөн эле бир кылмыш ишинин тагдыры эмес, ал деген 27 жыл бою бузулган укукту жана адамдык абийирди калыбына келтирүү аракети. Алардын талабы өч алуу эмес экенин өздөрү да баса белгилешет. Алар күнөөлүү адамдардын мыйзам чегинде жооп беришин жана күнөөсүз адамдын тагдырына байланышкан чындык толук ачыкталышын каалашат. 27 жыл өттү. Убакыт көп нерсени өзгөрттү. Бирок, жоопсуз калган суроолор өзгөргөн жок.

Баңгизат кайдан келген? Ким уюштурган?  Эмне үчүн үй-бүлөдөн акча талап кылынган? Эмне үчүн протоколдордо карама-каршылыктар пайда болгон? Иштин материалдары эмне себептен жоголгон? Бул суроолордун баарына эми калыс, көз карандысыз жана мыйзамдуу тергөө гана жооп бере алат.

«Кыңыр иш кырк жылда билинет» дешет элибиз. Айдаралиевдердин 27 жылдык күрөшү ошол чындыктын акырындап ачыкка чыгып жатканын көрсөтүп турат. Эми эң негизгиси чындык толук ачылып, адилеттүүлүк орносун.

Бөлүшүү https://infogo.kg/27-jyldan-kijinki-chyndyk-ajdaralievder-prezidentten-jardam-surady/