Бишкекте Дубовый парктагы реконструкция иштеринин жүрүшүндө поляк скульптору Владислав Фричтин «Ташка айланган керик» скульптурасы жабыркаганы айтылды. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымат тарады.
Эске салсак, борбор калаа бийлиги паркты көрктөндүрүүгө болжол менен 40 млн сом бөлгөн.