Бишкекте эркек киши канализациялык кудукка түшүп кетти

/ Коом / 356

Бишкекте эркек киши канализациялык кудукка түшүп кетти. Окуя 12-августта Чүй проспектисиндеги үйлөрдүн жанында болгон.

ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынын беш кызматкери барган.

Куткаруучулар атайын альпинисттик жабдууларды колдонуп, эркек кишини кудуктан коопсуз чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Куткарылган адамдын абалы канааттандырарлык. Медициналык жардамга муктаж болгон эмес.

Бөлүшүү https://infogo.kg/bishkekte-erkek-kishi-kanalizaciyalyk-kudukka-tushup-ketti/