Кыргызстанда жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштурууга көмөктөшкөн жеке агенттиктердин ишмердүүлүгү каралып, 9 компания боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.
Анын ичинен 6 агенттикке Германия, Түркия, Россия жана Беларусь багыттары боюнча бир жылдык мөөнөткө уруксат берилди же узартылды.
Мындан тышкары, «Албан Лидер» ЖЧКсынын Латвияга жарандарды жөнөтүү боюнча уруксаты шарт менен дагы бир жылга узартылды.
Ал эми «СУЛТАН ТРАВЕЛ» жана «Глобус Кей Джи Плюс» компанияларына байланыштуу маселелер кийинкиге калтырылды.
Министрлик чет өлкөгө ишке кетүүнү пландаган жарандарды расмий уруксаты бар агенттиктерге гана кайрылууга чакырды. Ошондой эле жумуш берүүчү, айлык акы, жашоо шарттары жана келишимдин талаптарын алдын ала кылдат текшерүү сунушталды.