Искусство университетинин 990 млн сомдук жаңы корпусу пайдаланууга берилди

/ Коом / 86

Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди. Анын ачылышына 26-сентябрда президент Садыр Жапаров катышты.

Жалпы аянты 8 615 чарчы метр болгон беш кабаттуу имаратта заманбап аудиториялар, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана жана башка зарыл жайлар каралган.

Курулуш иштерине Президенттик фонддон 990 млн сом бөлүнгөн.

Ачылыш аземинде Садыр Жапаров жаңы корпус студенттердин билим алуусуна шарт түзүү менен бирге улуттук маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

Жаңы имарат университеттин материалдык-техникалык базасын кеңейтип, чыгармачыл адистерди даярдоо үчүн кошумча шарт түздү.

Бөлүшүү https://infogo.kg/iskusstvo-universitetinin-990-mln-somduk-jany-korpusu-pajdalanuuga-berildi/