Италиянын Битонто шаарында жашаган аял 1 миллион евро уткан лотерея билетин жаңылыштык менен таштандыга ыргытып жиберген.
Билет сатуучу жайдагы аппарат «төлөнбөйт» деген билдирүү көрсөткөндөн кийин, ал билет жараксыз деп ойлогон.
Бирок үйүнө баргандан кийин үй-бүлөсү менен кайра текшерип, билет чыныгы утуш экенин аныктаган. Көрсө, утуштун суммасы өтө чоң болгондуктан, аны ошол жерден төлөп берүү мүмкүн эмес экен.
Аялга жергиликтүү таштанды кызматы жардамга келген. Кызматкерлер таштанды ташылган багытты аныктап, кол менен иргөө иштерин жүргүзүшкөн.
Таңга маал кызматкерлердин бири айрылган таштанды баштыгынын ичинен издеген билетти таап чыккан.
Маалыматка караганда, издөө иштерине кеткен бардык чыгымдарды аял өзү төлөп берүүгө макул болгон.