Кара-Балта шаарында 34 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу анын 38 жаштагы күйөөсү кармалды. Бул маалыматты Чүй облустук милициясы тастыктады.
Маалыматка караганда, 23-сентябрда Жайыл райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө тез жардам кызматынан Кара-Балтадагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Маркум 1992-жылы туулган жергиликтүү тургун экени аныкталган. Анын денесинен жаракаттар табылып, окуя болгон жерден далил буюмдар алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары анын 1988-жылы туулган күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Сот анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүндө тандаган. Учурда тергөө иштери уланууда.