«Мени өлтүрүп кетишет» деген кыз кайра сабалды. Ошто милиция эмне кылат?

/ Коом / 152

Оштогу Алишер Навои паркында кыздардын тобу тарабынан сабалган кыз кайрадан ур-токмокко кабылганы айтылууда. Бул тууралуу журналист Алмира Абидинова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кыздын сабалган видеосу тарагандан кийин ал тууралуу материал даярдалып, жабырлануучу өзүнө карата коркутуулар болуп жатканын айткан.

«Мага травля болуп жатат, өлтүрүп кетишет» деп кыз азыр да жазып жатканын журналист билдирди.

Абидинова буга чейин кызды сабаган адамдарга карата иш козголуп, сот тарабынан пробациялык көзөмөл колдонулганын белгилеп, укук коргоо органдарына суроо салды.

«Бул кыз өлүп калганда камайбы хулигандарды?» — деп жазды журналист.

Ал Ош шаардык милициясын жана мэрияны окуяга көңүл бурууга чакырды.

Бөлүшүү https://infogo.kg/meni-olturup-ketishet-degen-kyz-kajra-sabaldy-oshto-miliciya-emne-kylat/