Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында 500 орундуу И. Арабаев атындагы жаңы мектептин курулушу аяктады.
Үч кабаттуу мектептин жалпы аянты 4 136 чарчы метрди түзөт. Курулуш 2023-жылдын октябрында башталып, республикалык бюджеттен каржыланган.
Мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, компьютердик класс, ашкана, спорт залы, жыйындар залы жана дарыгердин бөлмөсү бар.
Аймакта футбол, волейбол жана баскетбол ойноого, ошондой эле машыгууга арналган аянтчалар да курулган.
Жаңы мектеп сентябрда пайдаланууга берилет.