Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

/ Бийлик / 67

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды.

Тиешелүү чечимди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 25-августта кабыл алган.

Маалыматка ылайык, министрге сөгүш кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн берилген.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 18-беренесине жана Эмгек кодексинин 88-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кабыл алынган.

Бөлүшүү https://infogo.kg/nurdan-oruntaevge-sogush-jaryyalandy/