Британиялык актер Тим Карри 80 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Актер көрүүчүлөргө «Оно» тасмасындагы Пеннивайз, ошондой эле «Шоу ужасов Рокки Хоррора» тасмасындагы доктор Фрэнк-н-Фуртердин ролдору менен кеңири таанылган.
Мындан тышкары, Карри «Один дома 2», «Анни», «Клу» жана башка тасмаларда роль жараткан.
Тим Карринин карьерасы театр, кино жана телевидениени камтып, беш он жылга жакын убакытка созулган.