Португалиялык футбол жылдызы Криштиану Роналду көп жылдан берки сүйүктүүсү Жоржина Родригес менен расмий никеге турду. Жубайлар Португалиянын Кашкайш шаарында жабык форматта жарандык никесин каттатышкан. Маалыматты футболчунун өкүлдөрү да ырастаган.
Салтанат чоң шоуга айлантылбай, үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөн. Аземге алардын беш баласы катышкан. Роналду менен Жоржина 2016-жылы Мадридде таанышып, ошондон бери бирге жашап келишкен.
Жоржина ал кезде Gucci дүкөнүндө сатуучу болуп иштеген. Кийин алардын мамилеси дүйнөдөгү эң көп талкууланган жылдыздуу түгөйлөрдүн тарыхына айланды. 2025-жылы экөө баш кошууга даярданып жатканын жарыялашкан.
Эми дээрлик он жылга созулган мамиледен кийин Криштиану Роналду менен Жоржина Родригес расмий түрдө жубайлар болушту.