Садыр Жапаров Кореяга төрт күндүк расмий сапар менен барат

/ Бийлик / 32

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен 15–18-сентябрда Корея Республикасына расмий сапар менен барат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы жыйынтыгында Сеул декларациясын кабыл алуу пландалган «Борбордук Азия — Корея» биринчи саммитине катышат.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактар боюнча эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Бөлүшүү https://infogo.kg/sadyr-japarov-koreyaga-tort-kunduk-rasmij-sapar-menen-barat/