Бишкекте ири иш-чаралар өтө тургандыктан, 25-августтан 10-сентябрга чейин айрым жолдор жабылат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев «Кабар» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ыңгайсыздыкты азайтуу максатында мэрия туристтик компаниялар менен биргеликте шаар тургундары үчүн атайын сунуштарды даярдады. Айрым жолдомолорго 10–15% арзандатуу берилет.
«Шаар сыртына чыгабы же Бишкекте калабы ар кимдин өз тандоосу. Биз эч кимди мажбурлабайбыз», -деди Жунушалиев.
Мэрдин маалыматына караганда, туристтик сапарларга кызыккан жарандардын саны кыйла өскөн. Буга чейин компанияларга күнүнө орто эсеп менен 200гө жакын адам кайрылса, азыр бул көрсөткүч 730дан ашкан. Ошондой эле 180 жолдомо алдын ала брондолгон.
Жунушалиев алдыдагы иш-чаралар Бишкек үчүн маанилүү экенин белгилеп, шаар тургундарын эс алуу күндөрүн алдын ала пландап, кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Туристтик жолдомолор боюнча арзандатуулар тууралуу маалымат Бишкек мэриясынын расмий сайтында жарыяланат.