Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун айланасындагы курулуштарга байланыштуу маселе кайрадан талкууга чыкты.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Маданият министрлиги ЮНЕСКОго Сулайман-Тоонун буфердик аймагын кыскартуу боюнча расмий кайрылган.
Буга чейин Кыргызстанга ЮНЕСКОнун эл аралык эксперттери келип, аймакка баа беришкен. Алар техникалык корутунду даярдап, уюмдун башкы кеңсесине жөнөтүшкөн.
Учурда Сулайман-Тоонун аянты 112 гектарды, ал эми аны курчаган буфердик аймак 4 788 гектарды түзөт. Бул аймак Ош шаарынын борбордук бөлүгүн камтыйт.
Буфердик зонадагы чектөөлөр көп кабаттуу үйлөрдү жана бийик соода объектилерин курууга тоскоол болуп келет. Мындай талаптар Сулайман-Тоонун тарыхый жана визуалдык көрүнүшүн сактоо максатында киргизилген.
Ошол эле учурда тоого жакын аймактарда курулуш иштери жүрүп жатканы айтылууда.