Тоодогу издөөдө үрөй учурган табылга. Дрон үч адамдын денесин тапты

/ Коом / 35

Кыргызстандын тоолорунда дрон аркылуу дайынсыз болуп жаткан үч альпинисттин денелери табылды. Бул тууралуу Беларустун альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын төрагасы Александр Годлевский билдирди.

Маалыматка караганда, сөз 43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов аттуу беларустар, ошондой эле 37 жаштагы литвалык Сергей Рубцов тууралуу болууда. Алар 4-августта 6612,5 метр бийиктиктеги Курумды чокусуна чыккандан кийин байланышка чыккан эмес.

16-августта издөө иштерине тартылган дрон тоо боорунан кар-таш көчкү түшкөн жерди аныктаган. Кийин видеону карап чыгууда куткаруучулар дайынсыз жоголгондордун буюмдары мурда табылган аймактан адамдардын денелерин байкашкан.

Алдын ала маалымат боюнча, үч адам бир арканга байланып турган. Бирок алардын ким экендиги расмий түрдө аныктала элек.

Денелер табылган жерге жетүү кар-мөңгү катмары жана татаал рельефтен улам азырынча мүмкүн болбой турат. Альпинисттерди издөө иштерине тик учактар жана дрондор тартылып, Кыргызстан менен Беларусиянын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен штаб түзүлгөн.

Денелерди түшүрүп, таануу жүргүзүлгөндөн кийин гана алардын дайынсыз жоголгон альпинисттер экени расмий ырасталат.

Бөлүшүү https://infogo.kg/toodogu-izdoodo-uroj-uchurgan-tabylga-dron-uch-adamdyn-denesin-tapty/