Түндүк Кипрдеги супермаркеттердин биринде 22 жаштагы кыргызстандык кызга бычак менен кол салуу болду.
Кол салган эркек окуядан кийин өзүнүн да кекиртегине бычак сайып алган. Экөө тең ооруканага жеткирилди.
Дарыгерлердин маалыматына ылайык, кыргызстандык кыздын абалы оор. Ал көп кан жоготуп, ички органдарынан оор жаракат алган.
Алдын ала маалымат боюнча, шектүү да Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны. Учурда анын кол салууга эмне себеп болгону расмий түрдө айтыла элек.