Бишкектеги автобуста эки аялдын ортосундагы жаңжал социалдык тармакта кызуу талкууга түштү. Окуя боюнча кылмыш иши козголгону да белгилүү болду.
Баары автобуста улгайган адамдарга орун бошотуу тууралуу айтылган сөздөн башталган. Пенсионер аялдын айтымында, ал кыздан улгайган жүргүнчүлөргө орун берүүнү суранган. Кийин башка орунга отурган.
Бирок окуя муну менен бүтпөй, эки аялдын ортосунда жаңжал чыккан. Пенсионердин версиясында, кыз кийин келип, телефону менен анын ийинине ургулап, эмне үчүн мындай айтканын сураган.
Окуянын видеосу интернетке тарагандан кийин коомчулукта бир суроо пайда болду.
Ким туура улууга орун берүүнү талап кылган аялбы же өзүнө жасалган мамилеге нааразы болгон кызбы?
Бул жерде маселе бир эле автобустагы чатакта эмес.
Кыргыз коомунда «улуу кишиге орун бер» деген түшүнүк дагы деле күчтүү. Ошол эле учурда жаштар арасында «урмат талап кылынбайт, мамиле менен көрсөтүлөт» деген көз караш да көбүрөөк айтылып келет.
Ал эми коомдук транспортто адамдардын бири-бирине мамилеси өзүнчө көйгөй. Күн сайын автобустарда орун талаш, орой сүйлөшүү, бири-бирин түртүү сыяктуу көрүнүштөргө күбө болобуз.
Ошентип, бир автобустагы жаңжал чоң суроону жаратты: улууга урмат кайсы жерге чейин, ал эми жеке чек ара кайсы жерден башталат?
Кыязы, бул суроого жоопту эки аялдын чатагынан эмес, коом катары бири-бирибизге болгон мамилебизден издешибиз керек.