Жапаров 2027-жылы Ташиевди президенттикке сүрөмөк болгонун айтты

/ Бийлик / 388

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде 2027-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу мурдагы пландары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, алгачкы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин шайлоого кайра катышпай, Камчыбек Ташиевди колдоону ойлогон.

«2027-жылы алты жылдык президенттик мөөнөтүм аяктагандан кийин, эгер Камчы даяр болсо, кайра шайлоого барбайм деп ойлогом. Камчы президент болмок, мен эс алууга кетмекмин», — деди Жапаров.

Президент бул тууралуу Ташиевге алдын ала айтып, шайлоого даярданууну сунуштаганын билдирди.

Бирок кийин Ташиевдин айланасындагы адамдардын аракеттерине байланыштуу оюн өзгөрткөнүн айтты.

«Анын кызматкерлери өздөрүн талаптагыдай алып жүрбөй калды. Айлана-чөйрөсүндөгү адамдар асманга чейин көтөрүлүп кетти. 75 аксакалдын каты чыкканда, парламентти генералдын тарапташтары деп бөлө баштаганда, мен аны чакырып: “Мындай болбойт. Элди бөлүүгө болбойт”, — дедим. Ошондуктан таарынба, кызматтан алам дедим», — деди президент.

Жапаров Ташиев менен 2005-жылдан бери дос экенин жана мындан ары да достук мамилеси сакталарын белгиледи.

Ошол эле учурда президент Ташиевди кайра мамлекеттик кызматка дайындоо планы жок экенин айтты.

«Ал менин досум бойдон калат. Бирок аны кандайдыр бир кызматка дайындоо планы жок. Эс алып, кайсы жерден ката кетиргенин талдап көрсүн», — деди Жапаров.

Президент Ташиевдин өлкө үчүн жасаган эмгеги бар экенин да белгиледи.

Ал эми Ташиев президенттик шайлоого катышууну чечсе, ага башка талапкерлер менен бирдей шарт түзүлөрүн кошумчалады.

Бөлүшүү https://infogo.kg/japarov-2027-jyly-tashievdi-prezidenttikke-suromok-bolgonun-ajtty/