Шакиранын Бишкектеги концерти үчүн бекер чакыруу билеттери берилбейт. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, акыркы күндөрү ага бекер билет сурап кайрылгандар көбөйгөн. Бирок 18-октябрда «Бишкек Аренада» өтө турган шоу — жеке коммерциялык долбоор.
Мамлекет концерттен стадионду ижарага берүү жана билет сатуудан түшкөн үлүш аркылуу киреше табат.
Орунбеков концертке жергиликтүү күйөрмандардан тышкары чет өлкөлүк туристтердин да кызыгуусу жогору экенин белгиледи.
Ал билеттерди алып-сатарлардан кымбат сатып албоо үчүн алдын ала расмий порталдан алууга чакырды.
Билеттер ticket.gov.kg расмий порталында сатылууда.