АКШнын Иранга каршы аскердик чабуулдары 22-июлда он биринчи күнгө уланды. Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгынын маалыматына ылайык, шаршембиге караган түнкү операция 1 саат 15 мүнөткө созулган.
Соккулар Ирандын аскердик башкаруу борборлоруна, деңиз күчтөрүнө, авиациялык кампаларына, дрон сакталган жайларга жана аскердик логистикалык инфраструктурага багытталган.
CENTCOM операциянын максаты Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн коммерциялык кемелерге коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн алсыратуу экенин билдирди.
30дан ашык соода кемесине чабуул жасалган
АКШнын маалыматы боюнча, акыркы үч айдын ичинде Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн 30дан ашык коммерциялык кемеге кол салган.
21-июлда Иран Кувейттеги АКШ аскерлери жайгашкан Camp Arifjan базасына ракеталар жана учкучсуз аппараттар менен сокку урганы кабарланды. Кувейт бийлиги өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү ракеталар менен дрондорду атып түшүргөнүн билдирди.
Тынчтык келишими бузулган
АКШ менен Иран 17-июнда согуш аракеттерин токтотуу жана Ормуз кысыгындагы блокаданы алып салуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.
Бирок 25-июнда Ирандын жанкечти дрону кысыктан өтүп бара жаткан жарандык танкерге кол салган. Андан кийин АКШ Ирандын аймагындагы бир катар объектилерге сокку урган.
8-июлда Анкарада өткөн НАТО саммитинде АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү меморандуму күчүн жоготконун билдирген.
13-июлда Вашингтон Ормуз кысыгын көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Трамп Тегеран сүйлөшүүгө макул болбосо, Ирандагы электр станцияларына жана көпүрөлөргө да сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткен.
АКШ Ирандан өзөктүк программасын чектөөнү талап кылууда. Тегеран болсо программа тынчтык максаттарына багытталганын билдирип келет.