Бишкек мэриясында жол куруу жана оңдоо иштерине арналган кеңешме өттү.
Мэриянын маалыматына ылайык, 2026-жылы борбор калаада 127 көчө жана 29 көчөнүн тротуары жаңыланат. Учурда 119 объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күнгө чейин 46 объектте иштер толугу менен аяктады. Алардын ичинде 33 көчө жана 13 тротуар пайдаланууга берилди. Жайыл баатыр, Кожевенная, Коммунаров, Үсөнбаев көчөлөрүндө, ошондой эле бир катар кичи райондордогу ички жолдордо жана Манас, Москва көчөлөрүнүн тротуарларында иштер бүткөрүлдү.
Кеңешмеде мөөнөттү кечиктирген же сапатсыз иштеген подряддык компанияларга катуу эскертүү берилди. Талаптарды аткарбаган компаниялар кара тизмеге киргизилип, мамлекеттик сатып алууларга катышуу укугунан ажыратылары белгиленди.
Мындан тышкары, курулуштагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн шаардык кызматтар менен подрядчылардын биргелешкен көчмө текшерүүлөрү уюштурулат.