Эль-Ниньо экстремалдуу күчкө жетиши мүмкүн

/ Дүйнөдө / 6
Эль-Ниньо экстремалдуу күчкө жетиши мүмкүн

Учурдагы Эль-Ниньо климаттык кубулушу өтө күчтүү деңгээлге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу австралиялык климатолог Андреа Тащетто билдирди.

Австралиянын Метеорология бюросунун божомолу боюнча, Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү суунун температурасы Niño 3.4 индекси боюнча нормадан үч градустан ашышы ыктымал. Бул экстремалдуу Эль-Ниньонун белгилерине туура келет.

Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук аймагындагы суунун үстүңкү катмарынын жылышы. Ал болжол менен 2–7 жылда бир кайталанып, адатта 9–12 айга созулат.

Адистер океандын терең катмарларындагы суунун да адаттагыдан жылуу экенин белгилешүүдө. Мындан тышкары, шамалдардын багыты өзгөрүп, океандын дагы ысышына шарт түзүүдө.

Бул кубулуш дүйнөнүн айрым аймактарында катуу ысыкты күчөтсө, Түштүк Америкада, АКШнын түштүгүндө, Африканын айрым бөлүктөрүндө жана Борбор Азияда жаан-чачындын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.

Бөлүшүү https://infogo.kg/el-nino-ekstremalduu-kuchko-jetishi-mumkun/