Кубанычбек Турганбаев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы дайындалган орун басар бүгүн, 23-июлда, министрликтин жамаатына расмий тааныштырылды.
Кубанычбек Турганбаев 1981-жылдын 29-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында төрөлгөн. 2006-жылы Эл аралык Кыргызстан университетинин «Юриспруденция» адистигин аяктаган.
Эмгек жолун 2007-жылы УКМКда баштап, 2021-жылга чейин ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2022–2024-жылдары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын коопсуздук кызматынын башчысы, ал эми 2024–2026-жылдары «Азия Имарат» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген.
Кесиптик жана мамлекеттик кызматтагы ийгиликтери үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.