Дагы бир мөөнөткө… Жапаров президенттик шайлоо тууралуу

/ Бийлик / 732

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниети тууралуу суроого жооп берди.

Жапаров дагы бир мөөнөткө баруу ниети бар экенин айтты.

Анын айтымында, шайлоого өзүнө күчтүү атаандаштар катышса, аларга тоскоолдук болбойт.

«Эч кимди чектебейбиз. Мыйзам кандай болсо, ошондой болот. Ар бир кандидат бара берсин», — деди президент.

Булак: Эркин-Тоо — https://erkin-too.kg/sadyr-zhaparov-dagy-bir-moonotko-baram/

Бөлүшүү https://infogo.kg/dagy-bir-moonotko-japarov-prezidenttik-shajloo-tuuraluu/