Соцтармактар жаштардын диний көз карашын өзгөртүүдө

/ Коом / 2

Instagram жана башка социалдык тармактар кыргызстандык жаштардын ислам тууралуу маалымат алуусуна жана диний жашоо образын түшүнүүсүнө күчтүү таасир берип жатат. Мындай жыйынтыкка Франкфурттагы Гёте университетинин изилдөөчүсү Бактыгүл Шабдан келген.

Изилдөө офлайн жана онлайн байкоолорго, диний блогерлер менен маектерге жана Бишкектеги 200 жаштын сурамжылоосуна негизделген.

Мечиттин ишмердиги интернетке чыкты

Изилдөөдө Бишкектеги Имам Сарахси атындагы мечитке келген аялдардын көбү лекциялар тууралуу Instagram аркылуу билгени аныкталган. Автордун пикиринде, социалдык тармактар мечиттин ишмердигин имараттан тышкары да кеңейткен.

Сурамжылоого катышкандардын 72 пайызы күн сайын намаз окубай турганын билдирген. Мечитке үзгүлтүксүз баргандар да аз болгон. Ошол эле учурда көпчүлүк өзүн үй-бүлөлүк жана маданий таандыктык боюнча мусулман деп эсептейт.

Блогерлер жашоо образына таасир этет

Диний блогерлер кийим, хиджаб, халал азык, адеп-ахлак жана күнүмдүк жашоо тууралуу кеңештерди бөлүшөт. Жаштар бул маалыматты көрүп гана тим болбостон, аны өз жашоосуна ылайык колдонушат.

Изилдөөчү социалдык тармактардагы диний контент адамдарды лекцияларга, мечиттерге жана диний иш-чараларга алып келип, алардын реалдуу жүрүм-турумуна да таасир этерин белгилейт.

Бөлүшүү https://infogo.kg/soctarmaktar-jashtardyn-dinij-koz-karashyn-ozgortuudo/