Бишкекте Таиланддан ири өлчөмдө баңгизат буюртма кылууга шектелген эки кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Шектүүлөр Бишкек шаарындагы почта бөлүмдөрүнүн биринен кармалган. Алардын бири 46, экинчиси 37 жашта.
Баңгизат кесменин идишине жашырылган
ИИМдин маалыматына ылайык, шектүүлөр баңгизатты тез даярдалуучу кесменин идишине жашырылган таңгак менен алууга аракет кылышкан.
Тинтүү учурунда алардын жанынан жалпы салмагы 7 килограмм 560 грамм марихуана табылган.
Милиция алынган баңгизаттын көмүскө базардагы болжолдуу баасы 400 миң долларга жакын экенин билдирди.
Баңгизатты Казакстанга сатмак болушкан
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, кармалгандар баңгизатты Таиланддан буюртма кылып, андан ары Казакстанга сатып өткөрүүнү көздөшкөн.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. Милиция баңгизат жеткирүү каналын уюштурууга жана анын иштешине тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды издөөдө.
Ыкчам операцияны ИИМдин кызматкерлери менен «Түндүк» темир жол бажысынын өкүлдөрү биргелешип жүргүзгөн.