Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде 106-орунда калды. Жаңы тизме 20-июлда, 2026-жылкы дүйнө чемпионаты аяктагандан кийин жарыяланды.
Кыргызстан мундиалга катышкан эмес. Ошондуктан курама команда мурунку рейтингдеги ордун өзгөртпөй сактап калды.
Кыргызстан жыл ичинде 103-орунга чейин көтөрүлгөн
ФИФАнын маалыматына ылайык, Кыргызстандын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчү — 75-орун, эң төмөнкү көрсөткүчү — 201-орун. 2026-жылы команда 103-орунга чейин көтөрүлүп, эң төмөн 107-орунда турган.
Июнь айында Кыргызстан Бишкекте Палестина менен эки жолдоштук беттеш өткөргөн. Эки оюн тең 0:0 эсебинде аяктап, курама команда 1,01 рейтингдик упай алып, 107-орундан 106-орунга көтөрүлгөн.
Испания дүйнөлүк рейтингдин лидери болду
Дүйнө чемпиондугун жеңген Испания ФИФА рейтингинде биринчи орунга чыкты. Финалда утулган Аргентина экинчи, Франция үчүнчү орунда жайгашты. Марокко тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, алтынчы орунга көтөрүлдү. Норвегия 12 позиция алдыга жылып, рейтингдеги эң чоң өсүштү көрсөттү.
ФИФА улуттук курамалардын кийинки расмий рейтингин 2026-жылдын 7-октябрында жарыялайт.