АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр 3-августта, дүйшөмбү күнү түштөн кийин башталарын билдирди. Бирок ал жолугушуунун кайда өтөрүн, ага кимдер катышарын жана диалог түз же ортомчулар аркылуу жүргүзүлөрүн тактаган жок. Ошондой эле келишим түзүү үчүн акыркы мөөнөт белгиленбей турганын айтты.
Трамптын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн алгачкы максаты — Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин эркин өтүүсүн калыбына келтирүү. Андан кийин Ирандын өзөктүк программасы боюнча кеңири макулдашууга жетишүү каралууда.
3-август, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө карата сүйлөшүүлөрдүн башталганы расмий ырастала элек болчу. Ал эми саат 13:29да чыккан кийинки маалыматта Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен учурда сүйлөшүү жүрүп жатканын четке кагып, Тегеран Ормуз кысыгы боюнча Оман менен гана кеңешип жатканын билдирди.
Тараптар июнда 60 күндүк меморандумга кол койгон. Бирок 8-июлда АКШ Иран үч коммерциялык кемеге кол салды деген жүйө менен 80ден ашуун бутага сокку урган. Тегеран жооп иретинде аймактагы америкалык объектилерди аткылаганын билдирген.