Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыровго кызмат абалынан өзгөчө ири өлчөмдө кыянаттык менен пайдалануу боюнча айып тагылды. Бул тууралуу иштин 24-сентябрда жарыяланган материалдарында айтылат.
Кылмыш ишинин алкагында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кадыровду тергөө аяктаганга чейин камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып коюлган.
Ленин райондук соту 23-сентябрда тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Кадыровду УКМКнын СИЗОсунда 2026-жылдын 20-ноябрына чейин камакта кармоо чечимин кабыл алган. Соттон анын бөгөт чарасы тууралуу маалыматты ырасташты.
Бул иш боюнча А.Ж.А. аттуу дагы бир адамга да айып тагылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 337-беренесинин 3-бөлүгү — кылмышка уюштуруучу катары катышуу боюнча айып коюлган. Ал да 20-ноябрга чейин камакка алынган.
Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө кызмат абалынан өзгөчө ири өлчөмдө кыянаттык менен пайдалануу үчүн жоопкерчилик каралган.
Учурда айыптоого негиз болгон окуянын чоо-жайы расмий түрдө ачыктала элек.
Азамат Кадыров Бишкек шаарынын вице-мэри болуп 2023-жылдын ноябрынан 2026-жылдын июнуна чейин иштеген. Ал мэрияда жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелерин тейлеген.