Депутат Исманали Жороев: Баткенде бир короодо беш үй-бүлө жашаган маселени чечүү керек

/ Бийлик / 22

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен жана Лейлек райондорунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин жаңы үйлөргө көчүп барган жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө өкмөттү чакырды.

Ал 14-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, айрым короолордо беш үй-бүлө жашап жатканын айтып, кыш түшкөнгө чейин алардын маселесин чечүүнү өтүндү.

«Үйү күйгөн жарандарга мамлекет 100–120 чарчы метрлик үйлөрдү салып берген. Бирок кээ бирөөлөрүндө бир короонун ичинде бештен үй-бүлө жашап жатат. Ошону эртерээк чечип берсеңиздер», — деди Жороев.

Депутат ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорундагы жарандардын экинчи үйлөрү жана жер тилкелери боюнча маселени буга чейин да парламентте көтөргөнүн белгиледи.

Бөлүшүү https://infogo.kg/deputat-ismanali-joroev-batkende-bir-koroodo-besh-uj-bulo-jashagan-maseleni-chechuu-kerek/