Жогорку сот «Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин жетекчилери Акинай Бекмурзаева менен Эрмат Абылкасымовдун иши боюнча кассациялык даттанууну канааттандырган жок.
Иш 26-августта Жогорку сотто каралды. Жактоочу тарап буга чейинки сот актыларын жокко чыгарып, кылмыш ишин биринчи инстанцияда кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн.
Бирок Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун 2024-жылдын 7-июнундагы өкүмүн күчүндө калтырды.
Ага ылайык, Акинай Бекмурзаева 10 жылга, ал эми Эрмат Абылкасымов 9 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары, алардын мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу каралган.
Ошондой эле соттолгондордон жана «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинен жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыянды ортоктош тартипте өндүрүү чечими чыгарылган.
Соттордун чечимине ылайык, Бекмурзаева менен Абылкасымовдун күнөөсү толук далилденген деп табылган.