Жапаров Сыргак Кенжебаев тууралуу: «Министр аны аферист деп айткан»

/ Бийлик / 1079

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде ишкер Сыргак Кенжебаев менен болгон жолугушууларын айтып берди.

Анын айтымында, Кенжебаев президентке айыл чарбасын 2–3 жылда өнүктүрүп, европалык инвесторлорду тартуу менен Кыргызстанды «жомоктогудай» өлкөгө айлантарын айткан.

Жапаров ошол кездеги айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевге ишкер менен жолугуп, сунуштарын иликтөөнү тапшырган.

Төрөбаев менен Кенжебаев Италия жана Германияга барып келгенден кийин министр долбоорлор реалдуу эмес деген жыйынтык чыгарган.

 Төрөбаев дароо “шеф, бул аферист окшойт. Бул жомок, фантастика”-дегени бар деп эскерди Жапаров.

Президент потенциалдуу инвесторлорду өлкөсүнө карабай кабыл аларын, андан кийин сунуштарын тиешелүү мамлекеттик органдар карап чыгарын белгиледи.

«Ишке ашпай калса, эч нерсе эмес», — деди Жапаров.

Ал мамлекеттин Кенжебаев алдында кандайдыр бир милдеттенмеси болбогонун да кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Сыргак Кенжебаев президенттин жакындарынын мамлекеттик органдарга, анын ичинде бажы тармагына таасири тууралуу билдирүүлөрдү жасаган. Президенттин администрациясы анын айыптоолорун четке каккан.

Бөлүшүү https://infogo.kg/japarov-syrgak-kenjebaev-tuuraluu-ministr-any-aferist-dep-ajtkan/