Франциянын парламенти 15 жашка чыга элек балдардын социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салган мыйзамды жактырды. Ошентип, Франция мындай чектөө киргизген Европа Биримдигиндеги алгачкы өлкө болмокчу.
Мыйзамды 21-июлда Сенат менен Улуттук жыйын колдогон. Эми документке президент Эммануэль Макрон кол коюп, аны Конституциялык кеңеш бекитиши керек.
Чектөө 1-сентябрдан башталат
Жаңы талаптарга ылайык:
- 1-сентябрдан тарта 15 жашка чейинки балдар жаңы аккаунт ача алышпайт;
- буга чейин ачылган аккаунттар 2027-жылдын 1-январына чейин жабылышы керек;
- социалдык тармактар колдонуучулардын жашын атайын система аркылуу текшерүүгө милдеттендирилет.
Жашты текшерүү ыкмасын Франциянын жеке маалыматтарды коргоо боюнча жөнгө салуучу органы бекитет.
Мыйзамда талапты бузган балдарга же алардын ата-энелерине айып пул салуу каралган эмес.
Франция дүйнөдө балдардын социалдык тармактарды колдонуусуна мындай чектөө киргизген экинчи өлкө болуп калат. Биринчи болуп Австралия 2025-жылдын аягында ушундай тыюу киргизген.
Европа Биримдигинин бийлиги да балдардын социалдык тармактарды пайдалануусун чектеген жалпы мыйзам долбоорун даярдап жатат.