Германияда кыргызстандык студенттер боюнча Эмгек министрлиги түшүндүрмө берди

/ Коом / 3
Германияда жумушсуз калган кыргызстандык студенттер боюнча Эмгек министрлиги түшүндүрмө берди

Германияга Samara Academy аркылуу барган кыргызстандыктар турак жайсыз жана жумушсуз калганы тууралуу социалдык тармактарда маалымат тараган. Бул жагдай боюнча Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 20-июлда Германиядагы иш берүүчү Кыргызстандын 130 жараны менен түзүлгөн келишимдерди мөөнөтүнөн мурда токтоторун билдирген.

Мындай чечим кыргызстандыктардын тартип бузганына же ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу эмес. Иш берүүчү муну өндүрүштүк зарылчылык менен түшүндүргөн.

Жарандардын эмгек келишимдери 28 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө түзүлгөн. Ошол эле учурда келишимдин шарттары боюнча иш берүүчү жумуш мөөнөтүн бир тараптуу түрдө 28 күнгө чейин кыскартууга укуктуу болгон.

Ушундан улам министрлик келишимдин шарттары бузулганы тууралуу маалыматтар ырасталбаганын билдирди.

Учурда 130 кыргызстандыктын 50сү башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандар азыр Бремен шаарында. Аларга жаңы жумуш орундарын табуу иштери уланууда.

Бул маселени жөнгө салууга ортомчу компания, Германиядагы иш берүүчү, Кыргызстандын дипломатиялык өкүлдөрү жана башка жооптуу тараптар тартылган.

Министрлик Германияда жүргөн кыргызстандык жарандардын абалы көзөмөлдө экенин жана калган жарандарды жумушка орноштуруу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.

 

Бөлүшүү https://infogo.kg/germaniyada-kyrgyzstandyk-studentter-bouncha-emgek-ministrligi-tushundurmo-berdi/