1-сентябрдан тартып аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо тартибине өзгөртүүлөр кирет.
Тиешелүү токтомду Министрлер Кабинети кабыл алды. Өзгөртүүлөр жөлөкпулга муктаж үй-бүлөлөрдү камтууну кеңейтүүгө жана социалдык жардамдын даректүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Жаңы тартипке ылайык, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин көбөйтүлөт.
Мындан тышкары, жөлөкпулга муктаждыкты аныктоодо бир катар кошумча критерийлер киргизилет.
Атап айтканда, 15 жылдан ашык убакыт мурда чыгарылган жеңил автоунаасы бар үй-бүлөлөр жөлөкпул ала алышат. Буга чейин унаанын пайдалануу мөөнөтү 20 жыл деп каралган.
Ошондой эле эки же андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөргө жөлөкпул берилбейт. Себеби экинчи турак жайды ижарага берүү потенциалдуу киреше булагы катары эсептелет.
Мындан тышкары, айрым айыл аймактарында жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешени эсептөө нормативдери жаңыланат.
Токтом 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.