Өзгөн районунда баңгизат колдонгондон кийин унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Тартип» рейдинин алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекторлору менен биргеликте Hyundai Sonata унаасын токтотушкан.
Унааны 1997-жылы туулган жаран башкарып жүргөн. Ал медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, баңгизат колдонгону аныкталган.
Айдоочуга протокол түзүлүп, унаа айып короого киргизилген.
Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, мындай рейддер облус боюнча 27-августка чейин улантылат.