УКМК Ильяс Амангазиев мекеменин кызматкери катары кайрадан ишке алынганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.
Маалыматка караганда, Амангазиев буга чейин УКМКда кызмат өтөп, кийин кызматтан бошотулган.
«Анын кызмат орду кайра калыбына келтирилген эмес», — деп билдиришти УКМКдан.
Мекеме социалдык тармактарда жана маалымат мейкиндигинде тараган анын кайра кызматка келгени тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.