Ырчы Айтурган Эрмекова жолдошу Дамирди өз жанын кыюуга жеткирген деп эсептеген адамдарды мыйзам чегинде жоопко тартууга аракет кыларын билдирди.
Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө жолдошуна акыркы эки айда кысым көрсөтүлүп, чалуулар, коркутуулар жана акча талап кылуулар болгонун айткан.
Ырчынын айтымында, айрым адамдар жолдошунун ишенчээктигин жана ак көңүлдүгүн пайдаланып, карыз маселеси боюнча ага басым жасашкан.
«Эгер ошол маалда бир ооз мага айтканыңарда, биз сактап калмакпыз», — деп жазган Эрмекова.
Ал жолдошунун акыркы учурда тарткан видеосун да бөлүшүп, анда Дамирдин өлүм алдында билдирүү калтырганын айткан. Ырчы видеодогу маалыматтар ишти иликтөө үчүн маанилүү экенин белгилеген.
Эрмекова өзүнө жана балдарына коркунуч жаралса, тиешелүү чара көрүлүшүн талап кыларын айтып, жолдошунун өлүмүнө байланыштуу бардык жагдайларды мыйзам чегинде иликтетүүгө ниеттенип жатканын билдирди.