Камчыбек Ташиев 58 жашта: Саясаттагы жолу боюнча 7 факт

/ Саясат / 54

Бүгүн, 27-сентябрда саясатчы, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 58 жашка толду.

Ал саясаттагы жолун депутаттыктан баштап, министрлик кызматта иштеп, кийин УКМКны жетектеген.

Камчыбек Ташиев тууралуу 7 факт:

Туулган жери

Камчыбек Ташиев 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында төрөлгөн.

Эки жогорку билим алган

1992-жылы Томск мамлекеттик университетинин химия-технология факультетин, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Алгачкы ирет Жогорку Кеңешке депутат болгон жыл

2005-жылы Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Кийин парламентке кайра келген.

Министр болуп иштеген

2007–2009-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

«Ата-Журт» фракциясын жетектеген

2010-жылы Жогорку Кеңешке кайра депутат болуп шайланып, «Ата-Журт» фракциясын жетектеген.

УКМКны жетектеген

2020-жылы УКМКнын төрагасы болуп дайындалып, өлкөнүн башкы атайын кызматын жетектеген.

2026-жылы кызматтан бошотулган

2026-жылдын 10-февралында президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kamchybek-tashiev-58-jashta-sayasattagy-jolu-bouncha-7-fakt/