Билети да даяр болчу: Каспийде каза болгон жоокерлердин үйүнө кайтуусуна 8 күн калган

/ Дүйнөдө / 5

Казакстандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Арман Сатканов Каспий деңизинде болгон кырсыктын чоо-жайын айтып берди. Бул тууралуу «Мой город» басылмасы жазды.

Анын айтымында, Маңгыстау облусунда каза болгон аскер кызматкерлеринин үйүнө кайтуусуна 8 күн калган. Алардын мекенине кетүүгө билеттерин да алдын ала сатып алышкан.

«Жоокерлер деңиз аскер базасынын десанттык-штурмалык батальонунун курамында жакшы кызмат өтөшкөн. Буга чейин эки жолу машыгуу өткөрүлүп, деңизден жээкке түшүү боюнча тапшырманын өзгөчөлүктөрүн билишкен», — деди Сатканов.

Анын маалыматына караганда, окуя Казакстандын аймагында өткөн ири стратегиялык командалык-штабдык машыгуулардын алкагындагы деңиз десантын жээкке түшүрүү учурунда болгон. Ошол күнү аба ырайы кескин өзгөрүп, толкун көтөрүлүп, жоокерлерди суу каптап кеткен.

Учурда окуяга тиешеси бар адамдар көрсөтмө берип жатышат. Каза болгондордун жакындарына психологиялык жана каржылык жардам көрсөтүлүүдө.

Эске салсак, 24-сентябрда окуу-күжүрмөн тапшырманы аткаруу учурунда аба ырайынын кескин начарлап, катуу шамал болгонунан улам Каспий деңизине 17 аскер кызматкери агып кеткен. Алардын 14ү каза болуп, үчөө аман калган. Бир аскер ооруканага жаткырылган, анын абалы туруктуу оор деп бааланган.

Аман калгандардын арасында Атырау облусунун 19 жаштагы тургуну Бекет Куандык да бар.

Бөлүшүү https://infogo.kg/bileti-da-dayar-bolchu-kaspijde-kaza-bolgon-jookerlerdin-ujuno-kajtuusuna-8-kun-kalgan/