Кыргызстандык мушкер Илимбек Акылбек уулу Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night мелдешинде Мехеммедели Османли менен беттешип, жеңишке жетти.
Беттештин биринчи раундунун 2 мүнөт 19-секундунда Османли Илимбек Акылбек уулунун башына тыюу салынган тизе соккусун урган. Мушкер соккудан кийин нокаут болгон.
Калыс Керри Хатли беттешти токтотуп, эреже бузгандыгы үчүн Османлини дисквалификациялады. Натыйжада жеңиш Илимбек Акылбек уулуна ыйгарылды.
Беттештин алдында кыргызстандык мушкер атаандашын тейкдаун жасап, күрөштө артыкчылыкка ээ боло баштаган.
Бул Илимбек Акылбек уулунун катары менен алган үчүнчү жеңиши болду. Ал эми Османлинин тогуз беттештен турган жеңиш сериясы үзүлдү.