Можтаба Хаменеи оорукана урандыларынын арасынан куткарылганы айтылды

/ Дүйнөдө / 83

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи АКШ менен Израилдин аба соккуларынан жабыркаган Тегерандагы оорукананын урандыларынын арасынан куткарылганы айтылды.

Бул тууралуу Ирандын Эксперттер кеңешинин мүчөсү Мохсен Хейдари 24-сентябрда Катардын Al Arabi телеканалына берген маегинде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Можтаба Хаменеинин ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат тарагандан кийин Тегерандагы үч медициналык мекемеге сокку урулган. Хаменеи үчүнчү ооруканада болгон жана ал имарат ураган учурда урандылардын арасынан чыгарылган.

Ошол эле учурда Иран лидери Можтаба Хаменеинин ден соолугунун абалы боюнча карама-каршы маалыматтар тараууда. Ирандын расмий өкүлдөрү, анын ичинде президент Масуд Пезешкиан, анын абалы жакшы экенин билдиришкен. Ал эми АКШнын чалгын кызматтары жана айрым батыш маалымат каражаттары анын оор жаракат алганын жазышууда.

Бөлүшүү https://infogo.kg/mojtaba-hamenei-oorukana-urandylarynyn-arasynan-kutkarylgany-ajtyldy/