Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен белгисиз эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалымат 7-августта Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө түшкөн. Окуя болгон жерге милициянын жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Жерди кароо учурунда маркумдун башы денесинен болжол менен 600 метр алыстыкта жатканы аныкталган. Дененин күн тийген бөлүгүнүн түсү өзгөрүп кеткендиги да белгиленди.
Милиция күбөлөрдү суракка алып, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады.
Азырынча маркумдун өздүгү жана анын кандай жагдайда каза болгону расмий аныктала элек. Ыкчам-издөө иштери уланууда.