Мамлекеттик автомектеп бүтүрүүчүлөрү экзамен тапшыра баштады

/ Коом / 2

Кыргызстандагы мамлекеттик автомектептердин тездетилген окуу программасын аяктаган алгачкы бүтүрүүчүлөр айдоочулук күбөлүк алуу үчүн квалификациялык экзамендерди тапшыра баштады.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына ылайык, автомектептеги негизги окуу мөөнөтү 10 айды түзөт. Мындан тышкары, жарандар үчүн төрт айлык тездетилген программа каралган.

Бул программада курсанттар теориялык сабактарды онлайн форматта өз алдынча окуп, айдоо боюнча практикалык сабактарды автомектепте өтүшөт.

Алгач убактылуу күбөлүк берилет

Ички экзамендерди ийгиликтүү тапшырган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик теориялык жана практикалык экзамендерге киргизилет.

Экзаменден өткөндөргө алгач алты айга жарактуу убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет. Эгер айдоочу ушул убакыт ичинде:

  • жол эрежесин одоно бузбаса;
  • жол кырсыгына күнөөлүү болбосо,

кошумча экзамен тапшырып, 10 жылга жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүк алат.

Экзаменге эки гана мүмкүнчүлүк берилет

Тездетилген программа боюнча окугандар мамлекеттик экзаменди эки жолу гана тапшыра алышат. Биринчи аракет ийгиликсиз болсо, экзамен кеминде жети күндөн кийин кайра өткөрүлөт.

Теориялык бөлүктөн өтпөгөн талапкер практикалык экзаменге киргизилбейт.

Эске салсак, жеке автомектептердин иши 2026-жылдын 29-январында токтотулуп, мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталган. «B» категориясы боюнча негизги окуу мөөнөтү 10 ай, ал эми «C» категориясы боюнча 12 ай деп белгиленген.

Бөлүшүү https://infogo.kg/mamlekettik-avtomektep-buturuuchuloru-ekzamen-tapshyra-bashtady/