АКШлык окумуштуулар мээ импланттарынын жардамы менен төрт буту тең шал болгон адамдын кол кыймылын жарым-жартылай калыбына келтиришти. Изилдөөнүн жыйынтыгы Nature Medicine журналында жарыяланды.
Экспериментке Кит Томас аттуу бейтап катышкан. 15 саатка созулган операцияда анын мээсине электроддор орнотулуп, колдоруна булчуңдарды электр импульстары менен кыймылдатуучу сенсорлор бекитилген.
Мээнин сигналы колго жеткирилет
Система адамдын кыймыл тууралуу оюн окуп, компьютер аркылуу кол булчуңдарына сигнал жөнөтөт. Алгоритмдер мээдеги импульстарды талдап, бейтап көздөгөн кыймылды аткарууга жардам берет.
Операцияга чейин Томас колун көтөрө алган эмес. Азыр ал:
- өз алдынча тамак иче алат;
- колу менен бетине тийе алат;
- буюмдарды кармайт;
- колуна тийгенди сезет.
35 жуманын ичинде анын оң колунун булчуң тонусу 86 пайызга, сол колунуку 62 пайызга чейин калыбына келген.
Жумуртканы сындырбай кармай алат
Окумуштуулар кармоо күчүн мээге кайра билдирген байланыш системасын да түзүшкөн. Анын жардамы менен Томас 87 пайыз учурда чийки жумуртканы кабыгын сындырбай кармай алган.
Адистердин айтымында, кыймыл менен сезүүнү бир убакта калыбына келтирүү шал адамдарды реабилитациялоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.