Москва облусунун Одинцово районунда машыгуу учурунда аскердик учак кулады. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка кабылган аба кемеси Орусиянын бешинчи муундагы Су-57 истребители болушу мүмкүн.
Окуя Москва дарыясына жакын жерде болгон. Telegram-каналдар тараткан маалыматка ылайык, учкуч учакты акыркы мүнөткө чейин турак үйлөр жайгашкан аймактан алыстатууга аракет кылган. Андан соң ал катапульта аркылуу учактан чыгып кетүүгө жетишкен.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Окуя болгон жерден тартылган кадрларда учак кулаган аймактан коюу түтүн көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.
Mash каналынын маалыматына ылайык, Су-57 машыгуу учуусун аткарып жаткан. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги учактын үлгүсүн расмий түрдө тактаган эмес.
Ведомствонун билдирүүсүндө учак абага көтөрүлүп жаткан учурда техникалык мүчүлүштүктөн улам эл жашабаган аймакка кулаганы айтылат. Учкуч катапульта аркылуу аман чыгып, анын өмүрүнө коркунуч жок. Жерде кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.
Коргоо министрлиги учуу ок-дарысыз жүргүзүлгөнүн белгиледи. Кырсыктын алдын ала себеби катары авиациялык техниканын бузулушу каралууда.
Орусиянын Тергөө комитети учуу же ага даярдануу эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланды.
Су-57 — «Сухой» компаниясы иштеп чыккан көп багыттуу бешинчи муундагы орусиялык истребитель. Ал абадагы, жердеги жана суу үстүндөгү буталарды жок кылууга ылайыкталган. Учактын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — радарлар үчүн төмөн байкалуучу технологиялардын колдонулушу.
Су-57нин алгачкы прототиби 2010-жылы сыноо учуусун жасаган. Сериялык өндүрүшү 2019-жылы башталып, 2020-жылы Орусиянын Аба-космос күчтөрүнө биринчи сериялык учак өткөрүлүп берилген.