Wildberries өртү: жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет

/ Бизнес / 2

Министрлер кабинети Wildberries маркетплейсинин кампасындагы өрттөн чыгым тарткан кыргызстандык ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 24.kg басылмасына берген маегинде билдирди.

Ишкерлердин айтымында, келтирилген зыян бир нече миллиондон жүздөгөн миллион сомго чейин жетиши мүмкүн. Бирок товарлардын көлөмү Кыргызстанда катталбагандыктан, чыгымдын так суммасы азырынча аныктала элек.

«Так чыгымды аныктоо кыйын. Бирок жеңилдетилген насыя программаларынын алкагында жардам көрсөтүүгө даярбыз», — деди Амангелдиев.

Анын айтымында, жыл башынан бери маркетплейстерде жана тигүү тармагында иштеген ишкерлерге жүгүртүү каражатын толуктоо үчүн пайызсыз жана жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Программанын алкагында бизнеске болжол менен 20 миллиард сом бөлүнгөн.

Амангелдиев ишкерлерди товарларын жана экспорттук жеткирүүлөрүн камсыздандырууга чакырды. Анын белгилешинче, товарлар алдын ала камсыздандырылганда, ишкерлер чыгымдын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк алышмак.

Бөлүшүү https://infogo.kg/wildberries-urtu-jabyrkagan-ishkerlerge-jenildetilgen-nasyya-berilet/